Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жана кыргыз элине Россия Федерациясындагы жол кырсыгынан Кыргызстандын жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин маалымат катчысы Шерзод Асадов кабарлады.
"Мамлекет башчысы боордош Кыргызстан элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, каза болгондордун жакындарына колдоо сөздөрүн жеткирип коюуну жана жараат алгандардын тез сакайып кетишин каалады", - деп айтылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн