Бугу 04, 2024
Убакыт: 00:56
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Өзбекстан тажик мигранттарынын сөөгүн да өткөрбөй жатат

03.06.2020 13:39
1523
Өзбекстан тажик мигранттарынын сөөгүн да өткөрбөй жатат


Тажикстандын жүздөгөн мигрантары Казакстан менен Өзбекстан чектешкен Түркстан облусундагы унаа токтотуучу жайда, антисанитариялык шартта баш калкалашууда. Алардын арасында кош бойлуу аялдар жана балдар, буту баспаган майыптар да бар. Көбүнүн акчасы түгөнүп, бирде ток, бирде ачка кесерип жүргөндөрү арбын. Жуунууга шарт жок, картон төшөп уктоого мажбур болушууда. “Ал турсун Россиядан каза тапкан тажик жаранынын сөөгүн жыттана баштаганда Жетисай деген жерде көмүүгө аргасыз болдук”, - деди Тажикстандын жараны Умар Хамидов “Астана” телеканалына айткан жообунда. Өзбек чек арачылары өлгөндөрдүн сөөгүн да өткөрбөй жатат.


Жергиликтүү ыктыярчылардын көрсөткөн жардамы аталган жайдагылардын баарысына эле жете бербейт. Ошондуктан, тажиктер соцтармактар аркылуу Тажикстандын өкмөтүнө кайрылуу жасашкан. Ушундан кийин элчиликтен өкүлдөр келип, бирок алардан эч кандай жардам болгон эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн