Бугу 16, 2024
Убакыт: 16:53
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Өзбекстан жардам катары суюлтулган газ баллондорун жөнөттү

03.02.2024 09:30
268
Өзбекстан жардам катары суюлтулган газ баллондорун жөнөттү


Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Бахтиёр Саидов телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Саидов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасына ылайык, Бишкек ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өзбек тарап Кыргызстанга жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

"Тактап айтканда, өзбек тарап жардам катары Андижан аркылуу Ош шаарына суюлтулган газ баллондорун жөнөткөндүгүн билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев көрсөтүлгөн жардам үчүн кесиптешине ыраазычылык билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн