Бугу 14, 2024
Убакыт: 02:47
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Өзбекстанда 1,6 млн доллар кредит алып, төлөбөй качып жүргөн жаран Оштон кармалды

Өзбекстанда 1,6 млн доллар кредит алып, төлөбөй качып жүргөн жаран Оштон кармалды

Өз мекенинде бир жарым миллион доллардан көп кредит алып, кайтарбастан качып жүргөн өзбекстандык жаран Ош шаарынан кармалды. Бул тууралуу  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн издөө тобу тарабынан Өзбекстан Республикасынын жараны 1977-жылы туулган, К.О. кармалган. 

Ал коӊшу Өзбекстан Республикасы тарабынан изделип жаткан. Мамлекеттер аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча келишимдерге ылайык, ал Кыргызстандын Ош шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алынган маалыматтарга караганда кармалган жаран 2021-жылдын июнь айында Өзбекстан Республикасындагы банктарлын биринен 1 641 925 (бир миллион алты жүз кырк бир миң тогуз жүз жыйырма беш) АКШ долларын кредитке алып, аталган акчаларды төлөбөй, өзүнүн кылмыш шериктеши менен биргеликте, өздөрүнөн кызыкчылыгына иштетип жиберишип, акчаны кайтарбастан изин жашырып кеткен.   


Бул факты боюнча Өзбекстан Республикасынын Жазык кодексинин 167-беренесинин 3-бөлүмүнүн жана 189-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, шектүүгө карата издөө жарыяланып, бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалган.   


2022-жылдын 22-жана 23-сентябрь күнү көз КМШ өлкөлөрүнүн аймагында жүргүзүлүп жаткан “ИЗДӨӨ” операциясынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттеринин учурунда 1977-жылы туулган, К.О. Ош шаарынын аймагында кармалып, Ош ШИИБнын УКЖна киргизилген. Учурда коӊшу мамлекет менен мамлекет аралык келишимдердин талабына ылайык, К.О.ну мекенине өткөрүп берүү боюнча иштер аткарылып жатат.



                          

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн