2020-жылы Өзбекстанда Солиха жана Мухаммадали аттуу ысымдар популярдуу болгон. Бул тууралуу “Азаттыктын”өзбек кызматы жазып чыкты. Анда айтылгандай, аталган мамлекеттин Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча 2020-жылы 19 393 жаңы төрөлгөн уул балага Мухаммадали ысымы айгарылса, 18 616 наристе кызга Солиха аты коюлган.
Солиха ысымы Өзбекстанда 2018-жылдан бери популярдуу болуп келери маалымдалган. Мындан сырткары өткөн жылы коңшу мамлекетте жаңы төрөлгөн балдарга Мустафа, Мадина, Азизбек аттары да эң көп ыйгарыган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн