Өбекстанда медицина кызматкерлери коронавирус илдетин жуктуруп алган 6 оорукана карантинге жабылды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ташкент шаарындагы №7чи төрөт үйү, Республикалык перинаталдык борбор, Республикалык адистештирилген илимий практикалык эндокринология борбору, №5 шаардык инфекциялык ооруканасы, Республикалык илимий медициналык борбору жана “Шохмед” жеке клиникасы карантинге жабылган.
Ал эми COVID-19 вирусyн жуктургандар 1716 бейтапка жетип, дарттан 450 адам айыгып, 7 киши каза болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн