Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 05:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү 2024-жылы өтөт

13.11.2023 10:25
2344
Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү 2024-жылы өтөт


Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү 2024-жылга жылдырылды. Бул тууралуу Кыргызстан менен Өзбекстандын маданият министрлери Алтынбек Максутов жана Озодбек Назарбековдун жолугушуусунда айтылды. 

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Алтынбек Максутовдун 9-10-ноябрь күндөрү Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында өткөн. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын маданият күндөрүн 2024-жылга жылдырууну, ошондой эле, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эки мамлекеттин дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу жөнүндө макулдашты.

Белгилей кетсек, ошондой эле министр Алтынбек Максутов Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Балдарды коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулган “Балдар жана жаштар - Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүлүшү” эл аралык форумуна катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн