Коронавируска байланыштуу Рамазан айында Өзбекстандын мечиттеринде намаз окууга болбойт. Бул тууралуу Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгынын сайтында жарыяланган.
Маалыматка ылайык, сайттагы билдирүүдө бул маселе Кыргызстан жана Казакстан Мусулмандар дин башкармалыктары менен талкууланып, бир чечим кабыл алынганы айтылат.
Ал эми карантин эрежелерин бузбоо үчүн Куранды үйдөн окуп, онлайн угууга кеңеш берген. Телеканалдар жана социалдык тармактар аркылуу Орозого байланыштуу программалар берилерин белгилеген.
Мындан сырткары, жамаат менен ооз ачар өткөрүүгө да тыюу салынган. Ифтар уюштурууну каалагандар, ага кеткен чыгымды кайрымдуулукка жумшаса болору айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн