Өзбекстанда коронавирустун жаңы түрү катталгандыгына байланыштуу аба каттамдарына чектөө киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Өзбекстандын санитардык-эпидемиологиялык кызматы "Өзбекстан 24" сайтына билдирген.
Баходир Юсупалиевдин айтымында, Өзбекстанда азыркы кезде коронавируска каршы күрөш токтой элек. "Британ штаммынын" жаңы бир учуру катталганын кошумчалады.
Юсупалиев калкты карантиндик нормаларды так сактоого чакырып, эгер эрежелер сакталбаса аба каттамдарга чектөө киргизилерин айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн