Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Өзбекстанда адам өлтүрүүгө айыпталган адам Чүйдөн кармалды

22.04.2022 12:14
427
Өзбекстанда адам өлтүрүүгө айыпталган адам Чүйдөн кармалды

Өзбекстанда оор кылмыш жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кармалган жаран адам өлтүрүүгө айыпталууда.


Маалыматка караганда, 1999-жылы туулган Б.С`га Өзбекстандын Фергана облусунун ички иштер башкармалыгы "атайылап өлтүрүү" беренеси боюнча издөө жарыялаган.


Ал 2020-жылдын февраль айында пикир келишпестиктен улам жергиликтүү тургунга бычак сайып, анын кесепетинен жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон. Кийин шектүү оор кылмыш жасагандан кийин изин жашырып Кыргызстандын аймагына качып кеткени аныкталган. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Чүй облусунун аймагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, Өзбекстандын жаранын кармашты. Кармалган жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн