Өзбекстанда мыйзамсыз түрдө кымбат баалуу таштарды жана тарыхый тыйындарды саткан топ кармалды. Бул тууралуу Борбордук Азия жазды.
Ташкент шаарынын Чиланзар районундагы үйлөрдүн биринде жүргүзүлгөн операцияда баасы 500 миң долларлык зымырат жана 10 миң дооларлык тарыхый тыйын менен 5 киши кармалган.
Маалыматка таянсак, тарыхый алтын тыйын биздин замандын 3-кылымдагы Кушан падышачылыгына таандык.
Кармалгандардын биринде 3 алмаз ташы болгон.
Асыл заттардын жалпы суммасы 1,6 миллион долларды түзгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн