Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:41
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Өзбекстанда уюлдук байланыш жана интернет эки ай акысыз берилет

26.03.2020 10:58
832
Өзбекстанда уюлдук байланыш жана интернет эки ай акысыз берилет


Өзбекстанда эки ай аралыгында Интернет жана байланыш түйүндөрүн карызы болгон күндө да өчүрүүгө тыюу салынат, деп жазылат 2020-жылы 23-мартта чыккан “Коронавирустук инфекциясынын жайылышын токтотуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Өзбекстан өкмөтүнүн чыгарган токтомунда.


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Өзбекстанда Beeline, Ucell, Perfectum, Uzmobile, UMS байланыш операторлору бар жана Интернет таратуу кызматын да аткарат. Мындан тышкары Comnet, Evo, Sarkor Telecom, Turon Telecom, Uzonline жана башка интернет-провайдерлери бар.


Мурда маалымдалгандай, «НТВ-Плюс» оператору спутник жана онлайн-телекөрсөтүүлөргө акысыз жеткирүү мүмкүнчүлүгүн ачкан. Аны менен катар  ivi  жана  Okko видеосервистери коронавирустун жайылып жатканына байланыштуу кабыл алынган карантинге ылайык уйүндө жаткан кардарларына акысыз байланыш жана интернет таратууну чечкен. Ошондой эле «Газпром-медиа» холдингинин алдындагы продюсердик компания жана студиялар өзүнүн орус тилдүү кардарларын бекер камсыз кылууга өтүшкөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн