Бугу 16, 2024
Убакыт: 16:21
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Өзбекстанда бир катар кылмыштарды жасаган адам Кыргызстанда кармалды

10.08.2020 09:58
990
Өзбекстанда бир катар кылмыштарды жасаган адам Кыргызстанда кармалды

 

Өз өлкөсүндө бир катар кылмыштарды жасаган өзбек жараны Кыргызстанда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 8-август күнү Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан бир катар кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн, 1973-жылы туулган А.Б. аттуу өзбек жараны кармалды. Шектүү УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.


Учурда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ага карата баш коргоо чарасын тандоо жана Өзбекстандын компетенттүү органдарына өткөрүп берүү маселелерин карап жатканы айтылат.


Белгилей кетсек, шектүү 1993-жылдагы үй-бүлөлүк жана кылмыш иши боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер туралуу  Минск Конвенциясынын алкагында колго түшүрүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн