Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 18:52
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Өзбекстанда чакан бизнес $32,7 миллион суммасындагы салыктан бошотулат

24.06.2020 20:45
1023
Өзбекстанда чакан бизнес $32,7 миллион суммасындагы салыктан бошотулат


Өзбекстанда чакан ишканалар мүлк жана жер салыктарынын бошотулат, деп билдирди Ташкентте өткөн брифингде Мамлекеттик салык комитетинин төрагасынын орун басары Музаффар Юсуф Назаров.


Айтымында, өлкөдө ишмердик жүргүзгөн 142,5 миң чакан ишканалар бар жана алар жалпысынан 332,8 миллиард сумдук (32,7 миллион доллардан ашык) мүлк жана жер салыктарынан бошотулушат.


Бул жеңилдиктер президенттик жарлыктын негизинде берилип жатат.


Назаров белгилегендей, чакан бизнес субъектилерине апрель-май айлары үчүн мүлк жана жер салыктары жокко чыгарылды. Натыйжада 2 422 салык төлөөчү 123 миллиард сумдук (12 млн доллардан ашык) салыктарды төлөшпөйт.


Ал эми микрофирмалар жана чакан ишканалар үчүн 2020-жылдын 1-майынан 1-июлуна чейинки социалдык салыктардын ставкалары 12%дан 1;га чейин түшүрүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн