Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 17:17
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Өзбекстанда дүйнөлүк бренддердин бут кийимдери чыгарыла баштайт

22.02.2021 15:45
605
Өзбекстанда дүйнөлүк бренддердин бут кийимдери чыгарыла баштайт

Nike жана Adidas бут кийимдери Өзбекстанда чыгарылат. Инвестор катары "Sino International JV" ЖЧКсы  жалпы суммасы 12 миллион долларлык келишим  түзгөн. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазды.

 

Завод 2021-жылдын 4-чейрегинде ишке киргизилип, 2022-жылдын 3-чейрегинде толук кубаттуулукта иштей баштайт. Мекеме жылына 3 миллион жуп спорттук бут кийим чыгарат деп күтүлүүдө. 


Заводдун курулушу үчүн Андижан облусунун Асака районунан 1 гектар жер бөлүнүп берилген, ал жерге буга чейин шаймандар алынып келип орнотулган.


Даяр продуктунун 50% Борбор Азия өлкөлөрүнө, 30% эл аралык жарманкелерге катышуу аркылуу башка өлкөлөргө экспорттолот жана 20% ички рынокто сатылат деп күтүлүүдө.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Биз журобуз айкырып митинг пикет менен.Айдаганын 5ечки ышкырыгын таш жарат.