Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 22:51
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Өзбекстанда эки жигитти сабап салган кыз окуянын чоо-жайын айтып берди

10.09.2020 15:14
1449
Өзбекстанда эки жигитти сабап салган кыз окуянын чоо-жайын айтып берди


Өзбекстандын Наманган облусунда эки жигитти сабап салган Гүльсанам Алижонова мындай кадамга өз намысын коргоо үчүн барганын билдирди, деп жазат "Nemolchi.uz" басылмасы.


Гүльсанам Алижонованын айтымында, окуя ушул жылдын 25-июнунда болгон. 


"Турмушка чыккан эжемди Андижанга узатып жаткам. Колумда анын 10 айлык баласы жана сумкалар бар болчу. Эжем болсо таксист менен сүйлөшүп жаткан. Ошол учурда биз тарапка бир унаа жакындап келди. Мен футболка жана кыска шым (шорта) кийип жүргөнүм үчүн унаада отурган жигиттердин бири мени кемсинтип, мазактап кетти. Мен ага жооп кайтардым. Ошондо ал мени сөгүп туруп андан ары кетип калды. Анын айткандарын эжем дагы укту. Биз сүйлөшүп жаткан таксист менен ал унаанын аркасынан жетип бардык. Себеби, себепсиз эле менин намысыма шек келтирип, мени сөккөнү ачуумду келтирди. 


Ошол жигитке барсам, ал мени футболкаман жулкуп кармады. Ошондо мушташ башталып кетти. Бизди арачалоого аракет кылган жигиттердин бири дагы мага жабышып баштады. Ага дагы жооп бергенге туура келди. Ошондо экөө тең качып кетти. Кайра таксиге кайтып келсек, тигил унаадагы калган балдар бизди жеткирип келген таксистти сабап жатышыптыр. Бизди көрөрү менен алар дагы качып кетишти. Эжем бул окуяны телефонго тартып алган экен. Таксист видеону далил катары ага дагы салууну өтүнгөндө, ага жибергенбиз. Ошентип видео социалдык тармакка тарап кетиптир", - дейт Гульсанам.


Гульсанам учурда 23 жашта, Наманган мамлекттик университетинде 3-курста окуйт. Үй-бүлөдө 6 баланын эң кичүүсү. Бокс жана каратэ менен машыгат. Акыркы эки жылдан бери таэквондо менен машыгып келет. Бул багытта Өзбекстандын чемпионатынын жеңүүчүсү болгон. Мындан тышкары, ал ыктыярчы болуп иштейт.


Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, учурда милиция тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн