Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 09:06
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Өзбекстанда эртеңден баштап карантиндик чектөөлөр күчөтүлөт

30.06.2020 18:06
1088
Өзбекстанда эртеңден баштап карантиндик чектөөлөр күчөтүлөт

Өзбекстанда эртең, 1-июлдан тартып карантиндик чектөөлөр күчөтүлөт. Мындай чечимди коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссия кабыл алды.

Ага ылайык, санитардык-дезинфекциялык иштерди жүргүзүү үчүн ири базарлар менен соода комплекстери ишемби жана жекшемби күндөрү толук жабылат. Автобустарда жүргүнчүлөр социалдык аралыкты эске алуу менен бири-биринен алыс отургузулат. Супермаркеттердин кире бериштеринде кардарларга бекер медициналык беткаптар берилет.

Коомдук жайларда саат 07:00дөн кечки саат 23:00гө чейин үч кишиден көп чогулууга, 23:00дөн 07:00гө чейин көчөгө жана көп кабатуу үйлөрдүн короолоруна чыгууга тыюу салынат. Комиссиянын чечиминде чектөө чараларын бузган жарандар административдик жазага тартылары белгиленген.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 8298 кишиге жетти. Алардын ичинен 5496 адам айыгып, 24 бейтап каза болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн