Өзбекстанда ички аба каттамдар жана жогорку ылдамдыктагы поезд каттамдары 18-майдан тарта жанданат. Бул тууралуу "Өзбекстан 24" телеканалынын маалыматында айтылат.
Ага ылайык, Ташкент менен Нукус, Ургенч, Термез шаарларынын ортосундагы аба каттамы жанданат.
Мындан тышкары «Афросиёб» жогорку ылдамдыктагы поезддер Навои, Бухара жана Карши шаарларына, ал эми кадимки поезддер Фергана өрөөнүнө каттап баштайт.
Ошондой эле маалыматта тиешелүү ведомство жана физикалык жактар карантиндин бардык эрежелерин сактоосун белгиленет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн