Өзбекстанда калктын саны 2021-жылдын 1-январына карата 34,5 миллион кишиге жетти. Бул тууралуу өзбек басылмалары мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы таянуу менен жазды.
Белгилүү болгондой, былтыркы жылдын ушул датасына караганда калыктын саны 653,7 миң кишиге көбөйгөн. Же болбосо өсүү темпи 101,9%га туура келет.
Өзбекстан калкы бир айда орточо 54,5 миң кишиге көбөйсө, бир күндө 1,8 миң кишиге көбөйгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн