Бугу 05, 2024
Убакыт: 17:12
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Өзбекстанда кезексиз президенттик шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 28-июнда башталат

22.06.2023 09:13
709
Өзбекстанда кезексиз президенттик шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 28-июнда башталат


Өзбекстанда кезексиз президенттик шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 28-июндан 5-июлга чейин созулат. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

БШК 20-июнда кабыл алган токтомго ылайык, шайлоо тилкелери иш күндөрү 9:00дөн 18:00гө чейин, дем алыш жана майрам күндөрү 11:00дөн 17:00гө чейин ачык болот.

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө шайлоо күнү жашаган аймагында боло албай турган жарандар катыша алат. Бул үчүн алар шайлоо күнү эмнеге добуш бере албай тургандыгынын себебин жазып, аймактык шайлоо комиссияларына арыз жазуусу керек болот.

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү укугуна ээ болгон жарандар бюллетенди жашыруун добуш берүү бөлмөсүндө толтурат. Ал атайын конвертке салынып, аймактык комиссиянын эки мүчөсү кол коюп, мөөр басылат. Андан соң сактоо үчүн жергиликтүү шайлоо комиссиясынын сейфине салынат.

Өзбекстанда кезексиз президенттик шайлоо 9-июлда өтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн