Бугу 13, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Өзбекстанда кырсык болгон ЖЭБдеги экинчи кызматкер өз жанын кыйды

28.01.2021 15:09
493
Өзбекстанда кырсык болгон ЖЭБдеги экинчи кызматкер өз жанын кыйды


Өзбекстанда Жаңы-Ангрен жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) үч кишинин өмүрүн алган жарылуудан кийин цехтин дагы бир жетекчиси өз жанын кыйды. Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары жазып чыкты. 


Анда айтылгандай, өз жанын кыйган кызматкердин жакындары ал жетекчиликтин басымы менен ушундай кадамга барганын айтууда. 


Эскерте кетсек, ушул жылдын 20-январында Жаңы-Ангрен ЖЭБинин 5-энергоблогунда   жарылуу болуп, үч жумушчу адам өлгөн. Бул боюнча «Адам өлүмүнө жана башка оор кесепеттерге алып келген эмгекти коргоо эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн