Социалдык тармактарда бир топ аял бир кыздын "кыздык белгисин" текшерген видео тараган.
Хорезм регионунун милиция кызматкерлери бул тасма 7-октябрда Ургенч шаарында тартылганын тастыктаган. Укук коргоо органдары окуяга тиешелүү аялдардын өздүгүн тактап, аларга кылмыш ишин ачкан.
"Эртең Бүткүл дүйнөлүк аялдарга карата зомбулукка каршы күн. Бул видео Өзбекстандын гендердик зомбулукка каршы күрөштөгү "жетишкендиктерин" мыкты чагылдырат. Бирок кыздыкка сыйынуудан улам талкаланган аялдардын тагдырына байланыштуу суроолорду жаратуудан көрө, мода көргөзмөлөрүн уюштуруу маанилүү ”, - деп белгиледи социалдык тармактардагы топтордун бириндеги видеотасманын комментарийинде.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн