Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 18:24
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Өзбекстанда колдо жазылган Куранды уурдаган жарандар кармалды

19.08.2022 16:26
864
Өзбекстанда колдо жазылган Куранды уурдаган жарандар кармалды

Өзбекстандын Наманган облусунда 10-августта ыйык Курандын колдо жазылган нускасын уурдаган жарандар колго түштү. Бул тууралуу өзбек басылмалары билдирди.



Ыйык Курандын уурдалган көчүрмөсү 1874-жылы жибектен жасалган. Узундугу 74 сантиметрди, туурасы 51 сантиметрди жана калыңдыгы 12 сантиметрди түзгөн китеп 426 барактан турат. Анын ар бир бетинде 13 саптан аяттар жазылган.


Куран китеп 1995-жылга чейин Кыргызстандын Өзгөн шаарында жашаган имам Эшонхан Окиловдун үйүндө сакталып келген. 1995-жылы намангандык Камолхан Мухиддинов аны Өзбекстанга алып барып, “Султон Увайс Караний” жайы оңдолгондон кийин 2019-жылдан бери ошол жерде сакталып турган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн