Өзбекстандын газ жетпеген райондорунда арзан көмүрдүн кезегин күтүп, аны талашкандар көбөйдү. Бул тууралуу “Озодлик” радиосу маалымдады. Мындай тартипсиздикти милиция кызматкерлери да жөнгө сала албай жатканы айтылууда.
Андижандын тургундарынын бири кыш келери менен көмүрдүн баасы кескин кымбаттап кеткенин айтып, анын килограммы 303 сумга жеткенин билдирген. Ал эми Асакин районунун Ахатчи айылынын тургуну Азиза Халикова 11-ноябрда эрте менен көмүр алууга кезекет туруп, түштөн кийин кезеги жетпей, көмүр калбай артка кайткан.
“Кампага 10 вагон көмүр келди деп уктук. Кампадан белгисиз унаалар тынбай көмүр ташып чыгып кетип жатты. Алар кайда баратканы белгисиз. Кезеке турган 39 адамга гана көмүр жетти. Калгандарыбыз кечке кезек күтүп, аягында көмүрсүз калдык”, - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн