Өзбекстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алган адамдардын саны 896га жетти. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-апрелге карата жаңы 31 учур катталган.
Ал эми Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган жана карантинде жаткандарды жемелегендерге жоопкерчилике тартуу каралган. Мыйзамга ылайык бейтаптарга шек келтиргендер 9 миллион сум айып төлөшөт.
Эске салак, Өзбекстанда коронавирус илдетин эң алгач Францияга барып келген аялдан табылган болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн