Дем алыш күндөрү Өзбекстанда COVID-19 вирусу менен 4 адам катталды. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин саламаттыкты сактоо министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирген.
Маалыматка ылайык, коронавирус 15-мартта Франциядан кайтып келген Өзбек жаранынын үй-бүлө мүчөлөрүнөн табылган.
“Коронавирус илдети менен дагы үч жагдай катталды. Франциядан кайтып келген айымдан, анын уулунан жана кызынан табылган”, - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле 15-март күнү Түркиянын Стамбул шаарын кайтып келген жарандан да илдет табылганы айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн