Өзбекстанда COVID-19 пандемиясын чалдыккандар 390 адамга жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 31 бейтаптан пневмония байкалса, тогузунун абалы оор. Ал эми дартты жугузгандардын 188и эркек кишилер болсо, 202си аялдар экени айтылат.
Ошондой эле, коронавирус апаатына кабылгандардын арасында 9 жашка чейинки 10 бала бар экени кабарланды. Өзбекстанда 30 адам дарттан толугу менен айыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн