14-май күнү саат 22:16да Өзбекстандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Баймак, Ызар, Достук, Ак-Коргон жана Чаткал районунун Сумсар айылдарында 4 балл, Ала-Бука районунун Ала-Бука, Сары-Талаа айылдарында, Чаткал районунун Терек-Сай, Кызыл-Токой, Аксы районунун Кербен, Мундуз, Сары-Кашка,Жаңы-Айыл, Ак-Таш айылдарында 3 баалга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн