17-апрелде саат 10:34тө Өзбекстандын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ажек, Кара-Үнкүр айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Маалыматка таянсак, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн