Өзбекстандын борбору Ташкентте милиция кызматкерлеринин карантин маалындагы аракетин шылдыңга алган блогер камакка алында. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлаганын Өзбек басылмалары жазууда.
Маалыматка ылайык, , 21 жаштагы блогер «Майда бейбаштык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, жети суткага административдик камакка алынган. Ал Instagram социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу милиция кызматкерлеринин карантин маалындагы ишин шылдыңга алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн