Бугу 06, 2024
Убакыт: 17:51
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Өзбекстанда мыйзамсыз соттолгон жаран мамлекеттен 8,5 миң доллар компенсация алды

01.02.2021 11:40
379
Өзбекстанда мыйзамсыз соттолгон жаран мамлекеттен 8,5 миң доллар компенсация алды


Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун тургуну Элёр Турсунов мыйзамсыз соттолуп, түрмөгө отуруп чыкканы үчүн материалдык жана моралдык зыян катары мамлекеттен 91 208 182 сум (8 650 доллар) өлчөмүндө компенсация алды. Бул тууралуу өзбек ЖМКлары жазды.


«Жаслык» түрмөсүндө 6 жыл 11 ай отуруп чыккан Турсунов мамлекеттен компенсация катары 20 миң доллар төлөп берүүнү талап кылган.


2013-жылы декабрда Кашкадарыя облустук соту Турсуновду 17 жылга эркинен ажыраткан. Ал «Конституциялык түзүлүшкө кол салуу», «Терроризм», «Коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан материалдарды таратуу» жана «Чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.


2018-жылы мартта Элёр Турсунов акталып, эркиндикке чыккан. Ал 2013-жылдын 4-декабрынан 2018-жылдын 18-мартына чейин 6 жыл, 11 ай жана 10 күн «Жаслык» түрмөсүндө мыйзамсыз камакта болгон.

2019-жылы августта президент Шавкат Мирзиёев «Жаслык» түрмөсүн жабуу тууралуу жарлыкка кол койгон.

Мирзиёев бийликке келгенден бери Өзбекстанда 50дөн ашык мурдагы жогорку кызматтардагы саясий туткун эркиндикке чыгарылды. Алардын арасында маркум президент Ислам Каримовдун тушунда соттолгон саясий оппозициянын активисттери, журналисттер жана укук коргоочулар бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн