Бугу 16, 2024
Убакыт: 11:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Өзбекстанда окуу жылы онлайн режимде аяктайт

22.04.2020 08:48
1216
Өзбекстанда окуу жылы онлайн режимде аяктайт


Өзбекстанда быйылкы окуу жылы «online-maktab» долбоорунун алкагында уюштурулган телесабактар менен аяктайт. Мындай чечимди Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссия кабыл алды.


Маалыматка ылайык, окуу жылынын аягына чейин аралыктан окутуу процессин уюштурууга катышкан мугалимдер менен билим берүү тармагынын кызматкерлери үйлөрүндө иштеп, айлыктарын толук алышат. 


Эскерте кетсек, 16-мартта Өзбекстанда коронавирус жуктурган алгачкы адам аныкталгандан кийин өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайлар, мектептер жана бала бакчалар карантинге жабылган.


30-марттан тартып Өзбекстанда мектеп окуучулары үчүн сабактар үч телеканал аркылуу көрсөтүлө баштаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн