Бугу 16, 2024
Убакыт: 02:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Өзбекстанда окуучу кыз сабак учурунда каза болуп калды

17.09.2020 19:22
1330
Өзбекстанда окуучу кыз сабак учурунда каза болуп калды


Өзбекстандын Жизак облусунда 9-класстын окуучусу сабак учурунда каза болду. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазышты.


Маалыматка караганда, мектепке эмдөө жүргүзүү үчүн келген аймактагы медициналык борбордун дарыгерлери кызга жардам көрсөтүүгө аракет кылышкан, бирок окуучуну сактап калууга мүмкүн болгон эмес. 


Мектеп директорунун орун басары Дилноза Хатамова 14-16-сентябрь күндөрү дене табы жогорулаган бир дагы окуучу аныкталбаганын билдирип: "Сабак бүтөрүнө 15 мүнөт калганда бир нерсенин кулаганы угулду. Көрсө окуучу кыз эс-учун жоготуп коюптур. Биз окуучуларды класстан чыгарып, медайымды чакырдык", - деген. 


Учурда окуучу кыздын күтүүсүз өлүмүн укук коргоо органдары иликтеп жатышат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн