Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 14:16
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Өзбекстанда райадминистрациянын кызматкерлери жарым жылаңач стрип-бийчилер менен кармалды (видео)

14.06.2021 17:11
1302
Өзбекстанда райадминистрациянын кызматкерлери жарым жылаңач стрип-бийчилер менен кармалды (видео)


Өзбекстанда социалдык тармактарда Сырдария районунун акимчилигинин жооптуу кызматкерлери жана мамлекеттик органдардын башчыларынын катышуусунда видео тарады.


Сырдария районунун администрациясы тараган видео боюнча комментарий берди.


Администрациянын айтымында, видео 2020-жылдын октябрь айында "Euro Asia" ресторанында тартылган. Видеодо райондун акиминин орун басары, районду көрктөндүрүү бөлүмүнүн башчысы, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө инспекциясынын башкы адиси жана райондук «Сувокова» ишканасынын башчысы менен кечки тамак учурунда жарым жылаңач бийчи кыздардын коштоосунда отурганын көрүүгө болот.


"Шоу-балеттин кыздары чиновниктер отурган бөлмөгө киришти. Бийчилердин күтүлбөгөн жерден көрүнүшү келгендерге жаккан жок. Андан кийин кыздарга акча берилип, залдан чыгып кетүүнү суранышкан", деп айтылат райадминистрациянын берген маалыматында.


Облустук акимчиликтен белгиленгендей, ресторандын администрациясы менен баарлашуу болгон. Чиновниктерге жамаатта жүрүм-турум эрежелерин сактоо менен мамлекеттик кызматкер катары үлгү болуусу керектиги эскертилген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн