Бугу 06, 2024
Убакыт: 18:50
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Өзбекстанда таштан кагаз чыгарыла баштады

05.02.2021 15:13
496
Өзбекстанда таштан кагаз чыгарыла баштады

Өзбекстандын президенти Фергана облусуна иш сапарынын алкагында Фергана шаарындагы Кытайдан келген уникалдуу технологиянын жардамы менен таштан кагаз чыгарган «Fergana stone paper» ишканасына барды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда "Өзбекстан" агенттиги билдирди.

Президент Мирзиеевдин айтымында, кагаз чыгаруу – кол өнөрчүлүктүн байыркы багыттарынын бири. «Өз учурунда самарканд кагазы дүйнө жүзүнө аты чыккан. Бул ишкана – тарыхый салтты өнөр жай деңгээлинде калыбына келтирүү болуп калат», - деди өзбек лидери.

Адистердин айтымында, таш кагаз бир катар артыкчылыктарга ээ. Биринчиден, целлюлоза кагаздарын чыгаруу үчүн көп суу сарпталат, бул курамында зыяндуу нерселер бар болгону үчүн мындан ары колдонууга жараксыз болуусун шарттайт.

Экинчиден, мындай кагаздар катуу жана чыдамдуу болуп, нымдуулукка жана булганууга туруктуу келет. Ошондуктан таш кагаз полиграфияда, таңгактарды жана туш кагаздарды өндүрүүгө абдан ыңгайлуу. Ал тышкы базарларда жогорку суроо-талап менен колдонулуп жатат.

«Fergana stone paper» ишканасында 60 адам иштейт, бир жылда 9 тонна таш кагаз өндүрүү жолго коюлган.

Аталган долбоор Мирзиеевдин 2019-жылы 6-майда Фергана облусуна болгон иш сапарында көрсөтүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн