Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өзбекстанда төрөт үйү бейтап жана кызматкерлери менен кошо карантинге жабылды

09.04.2020 16:15
1048
Өзбекстанда төрөт үйү бейтап жана кызматкерлери менен кошо карантинге жабылды


Өзбекстанда №6 төрөт үйү бейтап жана кызматкерлери менен карантинге жабылды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, Ташкент шаарындагы төрөт үйү 2 жума изоляцияга 5-апрелде жабылган.  Мекемеден билдиргендей көз жарган айымдардын бири коронавируска чалдыккан адам менен карым-катнашта болгон.


Ал эми, 14 күндүк карантинде эч ким илдетке чалдыкпаса гана ачылары айтылды.


Эске салсак, Өзбекстанда коронавирус илдетин жуктургандар 555 адамга жетти. COVID-19 пандемиясынан улам 16-марттан тарта бул өлкө бардык чек араларын жапкан. 27-марттан баштап аймактар аралык каттамдарды токтотсо, 30-марттан 20-апрелге чейин баардык эл аралык аба каттамдарын токтоткон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн