Өзбекстанда облустук жана райондук губернаторлор бир чарчы метр турак жайдын наркы 4 миллион сумдан ашпашы үчүн бардык чараларды көрүшү керек. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев билдирди.
өзбек президенти Мирзиёев калк кыймылсыз мүлк баасына канааттанбай тургандыгын белгиледи.
"Эң чоң маселе - турак жайга болгон баанын кымбаттыгы. Биздин эл бүгүнкү баага макул эмес, ага акимдер да чара көрүш керек. Ошондуктан, облустардын жана райондордун башчылары турак жайдын бир чарчы метринин баасы 4 миллион сумдан ашпоосу үчүн бардык чараларды көрүшү керек", - деди президент.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн