Бугу 18, 2024
Убакыт: 09:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өзбекстанда жаштар эстеликтерди шылдыңдагандан кийин Twitter, TikTok'ко тыюу салды

05.07.2021 14:00
843
Өзбекстанда жаштар эстеликтерди шылдыңдагандан кийин Twitter, TikTok'ко тыюу салды


Өзбекстандын Маалыматташтыруу жана телекоммуникация чөйрөсүн көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясы социалдык тармактардын ишин чектеп, муну алардын жеке маалыматтарды иштеп чыгууда мыйзам бузууларга жол бергендиги менен негиздеди.

Бул маалыматты аталган мекеменин сайты жарыялады. Анда "тиешелүү социалдык тармактар аныкталган кемчиликтерин жойгонго чейин чектөө алынбай турганы" айтылган.

Мекеме кайсыл коомдук сайттар чектөөгө алынганын ачык айткан жок. Gazeta.uz жазгандай колдонуучулар Twitter, TikTok жана "ВКонтакте" үзгүлтүк менен иштеп жатканын даттанышты. Медиафайлдар өтө жай жүктөлүп, айрым учурда такыр эле иштебей калууда. Колдонуучулар мындан тышкары Skype мессенджери да иштебей калганын билдиришүүдө.

Басылманын маалыматына караганда, Өзбекстандын Маалыматташтыруу жана телекоммуникация чөйрөсүн көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясы май айында "ВКонтакте", Twitter жана WeChat кат алышуу кызматынын ээлерине "мыйзамдын 27-1-беренесин сактоого" эскертүү берген. Мыйзамдын бул беренесинде Өзбекстан жарандарынын жеке маалыматтарын өлкө ичинде гана иштелип чыккан серверлерге жайгаштыруу тууралуу айтылган.

Жакында эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев TikTok колдонуучуларын мамлекеттик ишмер жана аскер башчысы Амир Темир (Тамерлан) менен акын Алишер Навоинин тарыхый эстеликтерин мазактады деп сынга алган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн