Өзбекстанда мурда соттолуп абактагы мөөнөтүн өтөп чыккан жарандарга бизнести өнүктүрүү үчүн 1000 долларга чейин каражат берилет. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев республиканын Конституциясынын кабыл алынганынын 29 жылдыгына байланыштуу элге кайрылуусунда билдирди.
Маалыматка караганда, жазасын өтөп чыккан өзбекстандыктар жеке бизнесин өнүктүрүү үчүн 10 миллион сумга чейин (928 доллар) бир жолку материалдык жардам ала алышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн