Бугу 04, 2024
Убакыт: 21:57
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Өзбекстанда куудулдар жол полициясынан кечирим сурады

09.06.2020 11:26
934
Өзбекстанда куудулдар жол полициясынан кечирим сурады


“Sho'rdanak" сатиралык көрсөтүүсүнүн актерлору Эркин Чолиев менен Дониер Хасанов Жол кыймыл коопсуздугунун кызматкерлерине карата чыгарган пародиясы үчүн кечирим сурашты деп айтылат Өзбекстан Ички иштер министрлигинин Жол кыймыл коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгынын сайтында.


Башкармалыктын басма сөз кызматы тарабынан даярдалган роликте аталган актерлор ички иштер органдарынын кызматкерлерин урматташарын, кылыктары үчүн уялып жатышкандыгын айтышып, кечирим сурашкан.


Өзбекстанда видеоаркылуу кечирим суроо популярдуулукка ээ болууда. Эске салсак, буга чейин белгилүү ырчы Юлдуз Усманова ИИМдин кызматкерлеринен кечирим сураган. Ал эми өткөн жылы бир нече шаарлар менен райондордун жетекчилери да өзүлөрүнүн аша чапкан аракеттери үчүн коомчулуктан кечирим суратылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн