Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 10:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Өзбекстанда жумушсуздардын саны 2 миллионго жетти

25.06.2020 13:38
921
Өзбекстанда жумушсуздардын саны 2 миллионго жетти


Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Өзбекстанда жумушсуздардын саны 600 миңге көбөйүп, учурда 2 миллионго жетти деп билдирди жергиликтүү маалымдоо каражаттарына интервью берген ишке жайгаштыруу жана эмгек мамилелери боюнча министр Нозим Хусанов.


Айтымында, жыл башында жумушсуздардын саны 1,4 миллион адам эле. Пандемиянын кесепетинен айрым ишканалар жабылгандыгына байланыштуу алардын эсеби 2 миллионго жетти. Булардан сырткары чет өлкөлөрдөгү иштерине кете албай отургандар 500 миңге жакынды түзөт.


Пандемияга чейин Өзбекстанда жумушсуздуктун деңгээли 9,3%ды түзсө, акыркы эсептөөлөр боюнча 14-15%га жетип калды.


Буга чейин Bloomberg агенттиги Эл аралык валюталык фонд быйыл Өзбекстанда жумушсуздуктун деңгээли 16,5%га жетиши мүмкүн деп болжоп жаткандыгын маалымдаган.


Кошумчаласак, кошуна Тажикстандын Эмгек, миграция жана ишке орноштуруу министрлиги үстүбүздөгү жылдын май айына карата өлкөд катталган расмий жумушсуздардын эсеби 51,7 миң адам деп билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн