Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 11:41
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Өзбекстандагы абактан качып кеткен 2 адам Кыргызстандын чек арасынан кармалды

05.08.2020 11:08
927
Өзбекстандагы абактан качып кеткен 2 адам Кыргызстандын чек арасынан кармалды


Өзбекстандагы жаза өтөө мекемесинен качып кеткен 2 адам Кыргызстанга кирүүгө аракет кылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, 4-августта Жалал-Абад облусунун чек арачылары ИИМдин кызматкерлери менен бирге Өзбекстандын 2 жаранын колго түшүрүштү.


Ала-Бука чек ара отрядынын кызматкерлери Өзбекстан Республикасынын Ташкент облусунун Зангиата районундагы жаза өтөө мекемесинен 2 адам качып кеткендиги тууралуу маалымат алышкан. Анын натыйжасында кыргызстандык чек арачылардын жана ИИМдин кызматкерлеринин аракети менен Өзбекстандан качып кетүүнү каалаган 2 адам кармалган.


Кармалган адамдар Өзбекстандын тургундары: 1996-жылы туулган С.Х. жана 1991-жылы туулган А.Б. экендиги аныкталды. Алар Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Бел-Сөгөт аймагында мамлекеттик кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өтүп бара жатканда колго түшүрүлдү.


Документтер толтурулган соң кармалган 2 адам ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн