Бугу 04, 2024
Убакыт: 00:07
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Өзбекстандагы мечитте хатибди бычактап өлтүрдү

23.12.2020 09:05
436
Өзбекстандагы мечитте хатибди бычактап өлтүрдү


Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда мечиттердин бириндеги бычакташуудан бир киши каза болгон.  Окуя 22-декабрда эртең менен Шерабад районундагы чоң мечиттердин биринде орун алганын “Азаттык” үналгысы жазып чыкты.


Өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлагандай, жаңжалда мечиттин хатиби бычакталган. Баштапкы маалыматтарга караганда, жергиликтүү тургун мечит кызматкери менен сөз талаша кетип, жанында көтөрүп жүргөн бычакты ага сайып жиберген. Жабыркаган дин кызматкери ооруканага жетпей каза болгон. Окуя Кылмыш кодексинин 97-беренеси ( "Атайлап киши өлтүрүү") менен иликтенүүдө. Шектүү кармалып, сурак берип жатканы кабарланды, - деп айтылат “Азаттык” тараткан маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн