Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өзбекстандан аткезчилик менен ташылып келе жаткан селитра аныкталды

18.01.2023 17:47
196
Өзбекстандан аткезчилик менен ташылып келе жаткан селитра аныкталды

"Баткен" бажысынын кызматкерлери аткезчилик жолу менен минералдык жер семирткичтерди ташып келүүнү аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Баткен районунун Бужум айылында М.У.Б (башкы тамгалар өзгөртүлдү) аттуу кыргыз жаранынын башкаруусунда Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа токтотулган.


Текшерүү учурунда унаадан Өзбекстанда өндүрүлгөн минералдык жер семирткич аммиак селитрасы табылган. Товардын жалпы салмагы 3 миң кг түзгөн жана бажылык тариздөөнү тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.


КР Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 114 миң сомду түздү.


Факт боюнча чогултулган материалдар Контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын Бажылык териштирүү секторунда каралууда.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн