Өзбекстандагы UzDaewooAuto компаниясы чыгарган унаалардын эшиктерди жабылбай, кыска аралыкта жарактан чыгып жатат. Бул тууралуу “Настоящее время. Азия” маалымат булагы кабарлады. Анда акыркы үлгүдөгү Ravon Gentra унааларынын да эшиктери, арткы салонунун ачкычтары иштебей калганын көрүүгө болот.
Учурда өзбек соцтүйүндөрүндө #STOPUZAVTO аттуу хештегдин популярдуулугу артууда. Көпчүлүк жаштар жылдап кезек күтүп, өтө кымбат баага алган унаалары жараксыз болуп жатканына даттанууда. Ошондой эле алар компанияга арызданса, аны кароо үчүн кеминде жарым жыл кете турганын айтып жатат. Сырттан машина ташууга чектөө койгон коңшу мамлекетте өзүнөн чыккан техникага нааразы болгондордун саны көбөйүүдө. Андан сырткары, өзбекстандыктар үчүн 10 миң долларга сатылган унаалар, башка мамлекеттерге 3-4 миң долларга чейин арзан экспорттолуп жатканы кабарланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн