Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 19:53
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Өзбекстандан кислороддук концентраторлор жана жасалма дем алдыруу аппараттары келди (фото)

04.07.2020 10:47
1180
Өзбекстандан кислороддук концентраторлор жана жасалма дем алдыруу аппараттары келди (фото)


Президент Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын президентинин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында Кыргызстанга  кезектеги гуманитардык жүк келди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, гуманитардык жүк өзүнө 50 комплект кычкылтектин мобилдик концентратын жана 100 даана инвазивдүү эмес өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратын  камтыйт.


Жалпы салмагы 8 тонна болгон гуманитардык жүк авиакаттам аркылуу бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу менен жеткирилген.


Кыргызстандын Өкмөтү коңшу өлкөнүн Өкмөтүнө көрсөтүлгөн көмөгү үчүн жана бир тууган өзбек элине колдоо көрсөтүүсү үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн