Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 03:05
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Өзбекстандан курулуш материалдарын мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды

Өзбекстандан курулуш материалдарын мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды

Өзбекстандан контрабандалык жол менен терезе жана эшик фурнитураларын алып кирүү аракетине бөгөт коюлдую Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, "Баткен" бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ЕАЭБд ин жана КР бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө товарларды мыйзамсыз ташуу фактысы аныкталган.


Өзбекистандын жараны И.А.А. башкаруусундагы "Lacetti" маркасындагы автотранспорт каражатынын жүк бөлүгүн бажылык кароодо пластик терезелер жана эшиктер үчүн фурнитура товары табылган. Жүк Кыргызстандагы ЕАЭБдин бажы аймагына алып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган товар коштоочу документтери жок чектеш мамлекеттен алынып келинген.


Товардын жалпы салмагы - 632 кг, баасы - 198 миң 700 сом. Факт тиешелүү органда каттоого алынып, товары менен автотранспорт каражаты "Томас КейДжи" ЖЧКнын аймагында жооптуу сактоого коюлду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн