Биринчи Май райондук милициясы ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген аялды кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга А.Н. аттуу жарандан 26-январда арыз түшкөн. Арыз КЖБРне катталып, М. аттуу аялга карата иш козголгон.
М. аттуу аял Өзбекстандан 12 миң долларга химиялык кол кап алып келем деп алдап, изин жашырган.
29-августта М.А. аттуу кылмышка шектүү жаран кармалып, үй камагына алынган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн