Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 17:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Өзбекстандык жарандын кайрылуусунан кийин "Ош" аэропортундагы 105 таксист суракка чакырылды

05.08.2022 17:18
684
Өзбекстандык жарандын кайрылуусунан кийин "Ош" аэропортундагы 105 таксист суракка чакырылды

Өзбекстандык жарандын дооматы боюнча "Ош" аэропортунда иштеген 105 таксист суракка чакырылды. Бул туурасында Ош облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.


Белгилей кетсек, 3-августта социалдык тармактарда коңшу өлкөнүн тургуну Ильес Рашидов жакындары менен авиабилеттин арзандыгына байланыштуу Ошко учуп келип, аэропорттон жагымсыз окуяга туш болгонун билдирген. Ал таксисттер аларга орой мамиле кылып коркутуп, алты чакырым аралыктагы "Достук" өткөрмө жайына чейин 500 сомдон жол кире алып, алты-жети адам салып кеткенине нааразы болгон. Буга милиция кызматкерлери жана жол инспекторлору көңүл бурбаганын айткан.


Милиция текшерүүнүн жүрүшүндө "Ош" аэропортунда такси кызматын көрсөткөн 105 айдоочу иштей турганын тактады.


"Баары тергөөгө суракка чакырылып, анын ичинен бүгүнкү күндө 25 таксист көрсөтмө берди. Калгандары да кезек менен келип жатышат. Окуя болгон жайдан видеобайкоого тартылган тасма алынып, Өзбекстандын жараны 21-июль күнү саат 22:45тер чамасында аэропортто шериктери менен болгондугу аныкталды. Ал күнү Рашидовго "жол акысы 500 сомдон болот" деп айткан таксист Кара-Суу районунун Мөнөк айылынын 46 жаштагы тургуну Ильяз Каримбердиев суракка алынды", — деп айтылат маалыматта.


Ал такстист берген көрсөтмөсүндө бир адамга 500 сом, төрт адам чыкса 300 сомдон жеткире турганын айтканын белгилеген. Мунун себебин "Достукка" бир тарабына гана кардар болуп, кайтканда бош келери менен түшүндүргөн. Өзбекстандыкка карата коркуткан аракеттер болбогондугун билдирген.


Ош облустук милиция учурда Рашидовду тосуп алган Ибрагим аттуу жаранды издеп жатат. Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен окуяга юридикалык баа берилери айтылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн