Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өзбекстандыктар милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүүгө тийиш

03.08.2021 15:06
584
Өзбекстандыктар милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүүгө тийиш

Өзбекстандын Эмгек кодексинин 113-беренесине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, карантин жана инфекциялык оорулар коркунуч туудурган маалда эмдөөдөн баш тарткан кызматкер башкы мамлекеттик санитардык дарыгердин чечиминин негизинде ишке киргизилбейт.


Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 2-августта “Калктын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоого багытталган айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.


“Жарандардын саламаттыгын коргоо жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери инфекциялык оорулар жайылуу коркунучу жаралган учурда калкты эмдөө чечимин кабыл алышы мүмкүн.


Өзбекстан президенти кол койгон документти 27-июлда Олий Мажлистин мыйзам чыгаруучу палатасы кабыл алып, 31-июлда Сенат жактырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн